Садыр Жапаров баштаган делегация Москва шаарына барды
RU

Садыр Жапаров баштаган делегация Москва шаарына барды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Өлкө башчы Садыр Жапаров бүгүн, 7-октябрда иш сапары менен Москва шаарына (Россия Федерациясы) барды. Президенттин администрациясынан билдиришкендей, Садыр Жапаровду "Внуково-2" аэропортунан Россиянын тышкы иштер министринин орун басары Михаил Галузин тосуп алды.

Сапардын алкагында Садыр Жапаров Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Мамлекет башчыларынын кеңешинин кезектеги жыйынына катышат.

Кыргыз Республикасынын расмий делегациясынын курамындагылар:

  • министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары, Кыргызстандын КМШ иштери боюнча улуттук координатору Адылбек Касымалиев;
  • тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев;
  • президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев;
  • Кыргызстандын Россиядагы элчиси Кубанычбек Боконтаев;
  • инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директору Талантбек Иманов;
  • Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Экономикалык кеңешинин алдындагы Экономикалык маселелер боюнча комиссиядагы Кыргызстандын ыйгарым укуктуу өкүлү Улукбек Кармышаков.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://gorod.kaktus.media/17601