Токмокто тергөөчү 50 миң сом алып жатканда кармалды
1625
УКМК менен ИИМдин Ички иликтөө кызматы 50 миң сом акча алып жаткан милиция кызматкерин кармады. Коопсуздук комитетинен кабарлашкандай, кармалган кызматкер Токмок ШИИБдин тергөө кызматынын ага тергөөчүсү, милициянын ага лейтенанты.
УКМК тарабынан аныкталгандай, тергөөчү Б.Б.К. бир нече жолу кылмыш жоопкерчилигине тартуу коркунучу менен жарандардан опузалап акча талап кылып келген.Козголгон кылмыш ишинин алкагында тергөөчү УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Тергөө жана ыкчам иш-чаралары улантылууда.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:
+996 (700) 62 07 60.
url:
https://gorod.kaktus.media/10758