Көчмөндөр оюндарында Кыргызстан 4 мамлекетти аргымак менен камсыздады
RU

Көчмөндөр оюндарында Кыргызстан 4 мамлекетти аргымак менен камсыздады

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Казакстанда өткөн V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында Кыргызстан 4 мамлекетти аргымак менен камсыздады. Бул тууралуу Көк бөрү федерациясынын президенти Рамис Жунусалиев маалымат жыйында билдирди.

Айтымында, бул аракет көк бөрү оюнун өнүктүрүү максатында көрүлдү.

"Өзүбүздөн тышкары дагы 4 мамлекетти - АКШ, Россия, Түркия жана Өзбекстандын курамаларын аргымактар менен камсыздадык. Ал үчүн Астанага 78 тулпарды жем суулары менен алып бардык. Биз аларга жөнөкөй эмес, Жогорку Лигадага оюндарда ойногон аттарды алып барганбыз. Башка мамлекеттердин Көк бөрү федерациялары бул үчүн абдан ыраазы болушту. Жалпысынан оюндар жакшы өттү, командалар жогорку деңгээлде оюн көрсөттү", - дейт Жунусалиев.

Белгилесек, 8-13-сентябрда V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары Астана шаарында өткөн.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://gorod.kaktus.media/17362