Адис Кыргызстанда популярдуу болгон пластикалык операцияларды тизмектеди
RU

Адис Кыргызстанда популярдуу болгон пластикалык операцияларды тизмектеди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Пластикалык хирург Нурсултан Мирбеков Кыргызстандагы эң популярдуу пластикалык операцияларды тизмектеди. Бул туурасында ал "Биринчи радионун" түз эфиринде суроолорго жооп берип жатып билдирген.

"Алгач пластикалык хирургия блефаропластикадан башталган. Бул дагы деле уланып жатканын айта кетейин. Анткени биз Азия мамлекетинде жашайбыз. Биздин көзүбүздүн сурмалары дээрлик жок дейли. Ал эми көздүн сурмалары бир аз оңдоону талап кылат, биздин анатомиялык өзгөчөлүктөр ушундай. Мындан улам блефаропластика дагы эле биринчи орунда", - деп жооп берди Нурсултан Мирбеков.

Хирургдун айтымында, экинчи орунда - эмчек пластикасы, чоңойтуу. Андан кийин липосакция, абдоминопластика жана башка операциялар деп белгиледи ал.

Башкы беттеги сүрөт иллюстрациялык.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://gorod.kaktus.media/17366