Дөө Чыңгыздын өлүмү. Айыпталуучулар сот залына жеткирилди
RU

Дөө Чыңгыздын өлүмү. Айыпталуучулар сот залына жеткирилди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунда бүгүн, 13-мартта СИЗО-1де өлтүрүлгөн кримтөбөл Чыңгыз Жумагуловдун иши боюнча соттук отурум уланууда.

Соттук отурумга Кубанычбек Касымбеков төрагалык кылууда. Сот залына Бишкектеги СИЗО-1дин үй камагында отурган төрт кызматкери келди. Алар кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган жана шалаакылык кылган деп айыпталууда.

Андан тышкары камактагы 6 адам алып келинди. Алар - 1989-жылы туулган Ш.Д.С., 1980-жылы туулган С.С.А., 2000-жылы туулган Б.С.Ж., 1993-жылы туулган З., 1995-жылы туулган К.Э.К. жана дагы бир айыпталуучу.

Аларга "Адам өлтүрүү" беренесинин (122-берене) 2-бөлүгүнүн 7-пункту "өзгөчө мыкаачылык менен", 16-пункту "алдын ала макулдашуу боюнча адамдардын тобу тарабынан жасалган" деген айыптар тагылууда.

Белгилей кетсек, Дөө Чыңгыз каймана аты менен таанымал Чыңгыз Жумагулов 2022-жылы 15-июлда кылмыштуу топту уюштуруу, жеке ишкердик менен алектенген адамдардан акча талап кылуу фактылары боюнча кармалган. 30-июлда камерадан анын жансыз денеси табылган. Анын өлүмүнө 7 адам шектелүүдө.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://gorod.kaktus.media/10861