Айдоочудан акча албай койгон "инспектор" балдарга Кайгуул кызматы белектерди тапшырды
RU

Айдоочудан акча албай койгон "инспектор" балдарга Кайгуул кызматы белектерди тапшырды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Буга чейин интернетке айдоочуну токтотуп, эреже бузганын эскертип, сунган акчаны албай койгон "инспектор" балдардын видеосу тараган.

Бүгүн, 20-мартта Бишкек шаардык Милициянын кайгуул кызмат башкармалыгынын кызматкерлери жол кыймылын жөнгө салып жаткан бөбөктөргө башкармалыктын атынан белектерди тапшырышты.

Балдардын улуусу Алымбек (7 жашта), иниси Адилет (5 жашта) жана кошунасы Байхан 6 жашта. Алар Бишкек шаарынын Биринчи Май районунда жашашат. Алымбек Бишкек шаарындагы №18 мектептин окуучусу. Келечекте жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо багытында кызматкерлердин катарын толуктоону максат кылат.

Милициянын кайгуул кызмат башкармалыгынын кызматкерлери балдардын жолдо унааларды тосуп ойноосу, балдардын өмүрүнө коркунуч жаратарын ата-энелерине түшүндүрүштү.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://gorod.kaktus.media/11018