Мелис Тургунбаев экология министри болуп дайындалды
1991
Мелис Тургунбаев Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.
"Президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, КР Конституциясынын 70-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктуна ылайык Тургунбаев Мелис Жусупжанович жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри болуп дайындалды", - деп айтылат маалыматта.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:
+996 (700) 62 07 60.
url:
https://gorod.kaktus.media/11074