Сузакта гектарлаган жердин мыйзамсыз сатылышына шектелип мурдагы айыл башчы кармалды
1609
Сузак районунун Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн мурдагы башчысы УКМК тарабынан кармалды. Коопсуздук комитеттен билдиришкендей, ал Кызыл-Туу айыл аймагындагы жер тилкелерин мыйзамсыз сатканга шектелүүдө.
Белгиленгендей, аталган айылдын жооптуу кызматкерлери "Кадастр" мамлекеттик мекемесинин Сузак райондук филиалынын кызматкерлери менен алдын ала сүйлөшүп алышып, акчалай сыйлык үчүн жасалма токтомдорун пайдалануу менен жеке турак жай куруу үчүн 6 гектардан ашык жер тилкесин мыйзамсыз бөлүп, жер тилкелерине жеке менчик укугу боюнча мамлекеттик актыларды жасап беришкен.
Учурда УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча башкы башкармалыгынын тергөө бөлүмү тарабынан кызмат адамдарынын кылмыш иштерине тиешеси бар, жогун аныктоо боюнча иш-чаралар жүргүзүлүүдө.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:
+996 (700) 62 07 60.
url:
https://gorod.kaktus.media/11216