"Ал жерде эркиндик жок". Эльнура Алканова Мирлан Бакировго ФУГИден баш тартууну сунуштады
RU

"Ал жерде эркиндик жок". Эльнура Алканова Мирлан Бакировго ФУГИден баш тартууну сунуштады

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бажы кызматынын жетекчисинин мурунку орун басары Райымбек Матраимовдун тарапташы Эльнура Алканова Мирлан Бакировдун Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун төрагасы болуп дайындалганына комментарий берди. Ал жеке пикирин Facebook'ка жарыялаган.

Алканова Бакировдун лидерлик сапатына баа берип, так ушул артыкчылыгы үчүн "Мекеним Кыргызстан" партиясынын лидери болуп дайындалганын айтты. "Сөзү аз жана саз, жети ченеп бир чечимге келип, шалаакылыктан, жана интригадан алыс болуп, ар бир кылган жумушун, кадамын ашыкча пиарлабай иштеди", - деп Алканова жазган. Бирок анын ушундай кызматка кантип макул болгондугун түшүнбөй турганын билдирген.

"Бир тууган инисин камап койгон бийликтин кызматына Мирлан Исакбекович кошулган кадамын түшүнбөй калдым. Бир жагынан ушул маселе түшүнүксүз болуп турса, экинчи да жагы кыжалат кылат. Азыркы бийликтин оппоненттери аз эмес. Алардын оозуна май эле болду бул кызмат. Бакировтун дайындалганы шылтоо болуп калды бийликти сындаганы. Менимче, Мирлан Исакбековичке тынч башкарганы жол берилбейт. Бул жумуштан өз калоосу менен баш тартып кетсе, мен кубанам. ФУГИ президенттен автономно иштей турган орган эмес. Ал жерде эркиндик жок", - деп Эльнура Алканова жеке пикирин билдирди.

Эске салсак, Мирлан Бакиров "Өнүгүү-Прогресс" партиясынын депутат болуп келген, жана 2020-жылдын декабрь айына чейин вице-спикер болуп иштеди. Октябрда өткөн парламенттик шайлоого "Мекеним-Кыргызстан" партиясынын лидери катары катышкан. Ошондой эле Бакиров Оштогу митингде Райымбек Матраимовду колдоп чыккан болчу. Учурда Матраимов камакта отурат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://gorod.kaktus.media/1126