Селден улам Ош-Баткен-Разаков унаа жолу бир тараптуу жабык
1804
2-апрелде Ош-Баткен-Разаков унаа жолунун Эки-Таш тилкесинде (265,5-чакырымы) жаандан улам сел суулары агып, жол убактылуу жабылган. ӨКМнын маалымат кызматынан билдиришкендей, "Кыргызавтожол" мамлекеттик ишканасы тарабынан тазалоо иштери жүргүзүлүп, жол бир тараптуу ачылды.
Ал эми Көк-Таш-Ак-Сай автожолунда селден улам каттам убактылуу токтоп, калыбына келтирүү иштерин жүргүзүү үчүн №2 Жол тейлөө ишканасынан 1 авто жүктөгүч (погрузчик) жана 1 автогрейдер техникасы тартылды.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:
+996 (700) 62 07 60.
url:
https://gorod.kaktus.media/11307