Соодасы кечке маал кызыган Оштогу "Ифтар базарынан" видео
1845
Ошто Орозо айында адаттан тыш базар – "Ифтар базары" ачылат. Ал Курманжан Датка көчөсүндө жайгашкан.
Тротуарлардын так боюнда жайгашкан базар саат 17:00дөн ооз ачканга чейин иштейт.
Базардан баарын табууга болот: таттуулар, закускалар жана ооз ачууга, конокторду тосууга керектүү даяр даамдар, дүр-дүйүмдөр, мөмө, жашылча-жемиштердин баары сатылат.
Белгилей кетсек, "Ифтар базары" Орозо айы аяктагандан кийин иштебейт.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:
+996 (700) 62 07 60.
url:
https://gorod.kaktus.media/11450