Таластын Кара-Буура району Айтматов болуп өзгөрдү
1925
Садыр Жапаров бир айыл аймакты, Ош жана Талас облустарындагы эки айылды, Талас облусунун Кара-Буура районун кайра атоо жөнүндө мыйзамга кол койду. Бул туурасында президенттин администрациясынан кабарлашты.
Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2023-жылдын 22-февралында кабыл алынган. Ага ылайык:
- Нарын облусунун Кочкор районунун Кош-Дөбө айыл аймагы - Ормон-Хан айыл аймагы деп кайра аталды;
- Ош облусунун Ноокат районунун Бел айыл аймагынын Борбаш айылы - Кайрагач айылы деп кайра аталды;
- Талас облусунун Кара-Буура району Талас облусунун Айтматов району деп кайра аталды;
- Талас облусунун Кара-Буура районунун Чолпонбай айыл аймагынын Чымгент айылы - Чолпонбай айылы деп айтыла баштайт.
Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:
+996 (700) 62 07 60.
url:
https://gorod.kaktus.media/11705