Акыйкатчы кызматына башкы прокурордун мурдагы орун басары талапкер болду
2796
Кыргызстандын акыйкатчы кызматына Жамиля Жаманбаева талапкер болду. Анын талапкерлигин "Ата-Журт Кыргызстан" фракциясы көрсөткөнүн Kaktus.media сайтына бир нече булактар билдиришти.
Жамиля Жаманбаева 1977-жылы Фрунзеде төрөлгөн. Кыргыз улуттук университетинин юридикалык факультетин бүтүргөн.
Эмгек жолу:
- 1998-1999-жылдары стажёр, Бишкек шаарынын Октябрь райондук прокуратурасынын прокурорунун жардамчысы;
- 1999-жылы Бишкек шаарынын Октябрь райондук прокуратурасынын прокурорунун жардамчысы;
- 1999-2001-жылдары Бишкек шаарынын Октябрь районунун прокуратурасынын прокурорунун улук жардамчысы;
- 2001-2004-жылдары Бишкек шаарынын Свердлов районунун прокуратурасынын прокурорунун улук жардамчысы;
- 2004-жылы Бишкек шаарынын Свердлов райондук прокуратурасынын прокурорунун жардамчысы, улук тергөөчүсү;
- 2004-2005-жылдары Бишкек шаарынын прокуратурасынын кылмыштарды тергөөгө көзөмөлдүк кылуу бөлүмүнүн прокуратура жана ички иштер органдарында кылмыштарды иликтөөнү көзөмөлдөө секторунун прокурору;
- 2005-2007-жылдары Бишкек шаарынын прокуратурасынын кылмыштарды иликтөөнү көзөмөлдөө бөлүмүнүн коррупция жана улуттук коопсуздукка кол салуу боюнча кылмыштарды иликтөөнү көзөмөлдөө секторунун прокурору;
- 2007-жылы Бишкек шаарынын прокуратурасынын кылмыштарды иликтөөнү көзөмөлдөө башкармалыгынын прокурору, андан кийин Уюштуруу-укуктук экспертиза башкармалыгынын улук прокурору - Башкы прокуратуранын басма сөз катчысы;
- 2007-2011-жылдары Чүй облусунун Сокулук районунун прокурорунун орун басары;
- 2011-жылы Башкы прокуратуранын Балдардын укуктарынын сакталышын көзөмөлдөө башкармалыгынын прокурору, Башкы прокуратуранын өзгөчө маанилүү иштер боюнча тергөөчүсү;
- 2011-2013-жылдары Токмок шаарынын прокурору;
- 2013-2016-жылдары Кыргыз транспорт прокуратурасынын прокурору;
- 2016-2018-жылдары Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын кызматкерлеринин курамында;
- 2018-2021-жылдары Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун орун басары болгон.
Буга чейин "Ишеним" фракциясы Канымбү Карабаеваны талапкер көрсөтсө, экс-депутат Мирлан Жеенчороев талапкер болуудан баш тартканы белгилүү болгон.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:
+996 (700) 62 07 60.
url:
https://gorod.kaktus.media/12223