Бир жарым айдан бери дайынсыз болуп жаткан окуучуну издөө иштери кайра жанданды
1906
Жалал-Абадда 1,5 айдан бери табылбай жаткан окуучуну издөө иштери кайра жанданды. Бул туурасында ӨКМнын маалымат кызматынан кабарлашты.
Белгилүү болгондой, 31-мартта 14 жаштагы М.Ф. дайынсыз болуп, райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмдөрүнүн куткаруучулары 14-апрелге чейин издешкен. Натыйжа болбогондуктан туугандарынын өтүнүчү менен издөө иши убактылуу токтотулган.
Бүгүн, 16-майда өспүрүмдү издөө кайра башталды. Окуучунун жакындары издөө иштерин жандантып, Кара-Үңкүр дарыясынын жээгин карап берүү суранычы менен райондук Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө кайрылышкан.Жерине 5 куткаруучу тартылып, тиешелүү иштерди алып барышууда.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:
+996 (700) 62 07 60.
url:
https://gorod.kaktus.media/12289