Парламенттин комитети күн тартибинен "чет өлкөлүк өкүл" документин алып салды
RU

Парламенттин комитети күн тартибинен "чет өлкөлүк өкүл" документин алып салды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жогорку Кеңештин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча тиешелүү комитетинин күн тартибинен "чет элдик өкүл" жөнүндө мыйзам долбоору алынып салынды. Буга парламенттин сайтына жарыяланган комитеттин жыйынынын графиги далил.

Белгилей кетсек, комитеттин жыйыны 27-июнда өтөт. Буга чейин өкмөттүк эмес уюмдар жөнүндөгү мыйзам долбоору күн тартибине киргизилген: аны комитет биринчи окууда карашы керек эле. Ал эми негизги демилгечи Надира Нарматова баяндама жасашы керек болчу.

25-июнда түштөн кийин "чет элдик өкүл" жөнүндөгү мыйзам долбоорунун талкуулоонун күнү жылдырылды. Талкуу качан болот азырынча белгисиз. Чуулгандуу мыйзам долбоорун талкуулоо эмне себептен күн тартибинен чыгарылганы да ачыктала элек.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://gorod.kaktus.media/13086