Бишкектин Төкөлдөш конушуна жаратылыш газы киргизилүүдө
RU

Бишкектин Төкөлдөш конушуна жаратылыш газы киргизилүүдө

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкек шаардык мэриясы Бишкектеги Төкөлдөш конушу жаратылыш газына кошулганын маалымдады. Жаңы конуштагы турак жайларды газдаштырууга район башчысы Жаныбек Орозалиев катышты.

Бүгүнкү күндө Октябрь району боюнча Төкөлдөш, Көк-Жар, Кара-Жыгач, Алтын-Ордо жана Рухий-Мурас конуштарындагы 7808 турак жайдын ичинен 4363 турак жай жаратылыш газына кошулуду, бул 56%ды түздү.

Акимчиликтин кызматкерлери №6 МАБ, кварталдык комитеттер менен биргеликте жер-жерлерде курулуш-монтаждоо иштеринин баалары жана газ бөлүштүрүүчү тармактарга кошулуу боюнча калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө.

Мэрия тургундарга абанын булганышын кыйла азайтуу максатында жылуулуктун альтернативдик түрүнө өтүүнү сунуштайт.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://gorod.kaktus.media/13458