Президенттин фондунун эсебинен 10 гемодиализ аппараты алынды
RU

Президенттин фондунун эсебинен 10 гемодиализ аппараты алынды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Президенттик фонддун эсебинен гемодиализ аппараттары сатып алынды. Президенттин администрациясынан кабарлашкандай, каражаттар өлкөнүн жарандарына медициналык жардам көрсөтүүнүн сапатын жакшыртуу максатында алынды.

Суу тазалоо системалары жана чыгымдалуучу материалдар топтому менен 10 даана диализ аппараттары жалпы суммасы 16 млн 552 миң 250 сомго алынды.

Учурда Бишкек мамлекеттик Кыргыз-Түрк достук ооруканасына төрт гемодиализ аппараты орнотулду. Калган төртөө Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун гемодиализ бөлүмүнө коюлуп, экөө Нарын облусунун Жумгал районунун Жалпы дарыгерлик практика борборуна өткөрүлүп берилет.

Белгилесек, буга чейин Кыргыз-Түрк достук ооруканасында биринчи жолу бөйрөк алмаштыруу операциясы жасалары белгилүү болгон. Ал үчүн Түркиядан Бишкекке 120 дарыгер келери кабарланган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://gorod.kaktus.media/13494