Бишкектин автопаркындагы 300 даана эски автобустар сатылды
RU

Бишкектин автопаркындагы 300 даана эски автобустар сатылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

"Бишкек жүргүнчүлөр автотранспорттук ишканасынын" базасындагы эски автобустар сатылды. Учурда муниципалдык ишкананын базасында газ менен жүрүүчү жаңы автобустардын келишине даярдоо иштери кызуу жүрүүдө дешет мэриядан.

Ишкананын базасындагы 300 даана эски Ясин автобустары сатылды. Эски автобустардан чыккан таштандыларды чыгаруу иштери жүргүзүлүүдө.

Ошондой эле муниципалдык мүлктү башкаруу боюнча департаменти менен биргеликте Исакеев көчөсүндөгү жеңил конструкцияны бузуу иштери жүрүп жатат. Бул аймакты бузуп, өткөрүп берүү менен ишкананын аймагы 1,7 га кеңейет.

"Автопарк таштандылардан тазалангандан кийин асфальт төшөө, тышкы жарыктандырууну орнотуу иштери жүргүзүлүп, айланасы көрктөндүрүлөт. Мындан тышкары ишкананын аймагында газ толтуруучу компрессордук станциянын курулушу жүрүп жатат. Курулуш аянтчасын үстүбүздөгү жылдын ноябрь айында аяктоо пландалууда.

Ишкананын жумушчуларына, автобус оңдоочуларына (слесарларга) ыңгайлуу шарттарды түзүү максатында, өндүрүштүк имаратты оңдоо, чатырын алмаштыруу иштери ушул жылдын аягына чейин бүткөрүлөт", - деп айтылат маалыматта.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://gorod.kaktus.media/13605