USAIDдин колдоосу менен аялдар үчүн 100 орундук тигүү фабрикасы ачылды
RU

USAIDдин колдоосу менен аялдар үчүн 100 орундук тигүү фабрикасы ачылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

2021-жылдын 20-апрелинде Oskar Moda компаниясы Бишкектеги өзүнүн кеңейтилген тигүү фабрикасынын расмий ачылыш аземин өткөрдү. Жаңы ишкана АКШнын Эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттиги (USAID) менен кызматташтыкта ачылган. Бул тууралуу редакцияга келип түшкөн пресс-релизде жазылган.

USAIDдин колдоосу ишканага быйылкы жылы эле 100дөн ашуун жаңы жумуш орундарын түзүүгө жардам берди. USAIDдин "Конкуренттүү ишкана" долбоорунун алкагында Oskar Moda компаниясы үтүктөгүчтөрдү, ороо жана тигүү машиналарын, чачма плоттер, саймалоочу машиналарды жана чөнтөктөрдү тигүүчү машиналар сыяктуу жаңы заманбап жабдууларды алды. Компания өзү Гүлбайра Джуматаеванын жетекчилиги астында жаңы имаратты курууга жана кошумча тигүү жабдууларын сатып алууга инвестиция кылган. Ошондой эле, компаниянын ээси USAIDдин жардамы менен кызматкерлер үчүн башкаруунун заманбап ыкмаларын жана эмгек стандарттарын киргизген.

"Биздин компания кызматкерлерибизге жакшы эмгек шарттарын камсыз кылууну көздөйт. Биз кызматкерлерге үзгүлтүксүз тамак берип, атайын финансылык колдоо көрсөтөбүз. Ошондой эле, биз Бишкектен алыс жашаган кызматкерлерди жайгаштыруу үчүн жатакана салдык", - деп белгилеп өттү Гүлбайра Джуматаева.  

Oskar Moda трикотаж материалдарды жана көптөгөн ар түрдүү кездемелерди колдонуу менен аялдардын кийимдерин өндүрөт. Кызматкерлердин 80% дан ашыгын аялдар түзөт. Келе жаткан эки жылда компания кеңейип, кошумча 118 жумуш орун түзүүнү көздөп жатат.

"Биз Гүлбайра Джуматаевага окшогон ишкерлерди колдоп жатканыбызга сыймыктанабыз. Анткени ишканалардын өнүгүшү менен жаңы жумуш орундарын түзүлүп, үй-бүлөлөрдүн кирешелер көбөйөт. Биз тигүү өндүрүшү сыяктуу тез өнүгүп жаткан тармактарга өзгөчө көңүл бурабыз, себеби бул сектордо көбүнчө аялдар иштеп, алар үчүн кошумча мүмкүнчүлүктөр пайда болот", - деди Кыргыз Республикасындагы USAID өкүлчүлүгүнүн башчысы Алдер Бартлетт. "USAIDдин бардык колдоосу грант түрүндө болот, ошондуктан биздин өнөктөштөр бул акчаларды кайтарып беришпейт".

USAIDдин "Конкуренттүү ишкана" долбоору – бул беш жылдык демилге. Долбоор текстиль өндүрүшү, тамак-аш өнөр жайы, айыл чарба, маалыматтык технологиялар, финансы жана башка жааттагы чакан жана орто ишканаларга колдоо көрсөтүп, Кыргызстанда жумуш орундарын түзүүгө көмөктөшөт. Жалпы бюджети 23 миллион АКШ долларын түзгөн долбоордун алкагында азыркы күнгө чейин 80ден ашык ишкана колдоого алынды. 

Долбоор Кыргызстандын бизнестери үчүн гранттык колдоого өтүнмөлөрдү кабыл алууну улантууда. Кошумча маалыматты шилтеме аркылуу өтүп алсаңыз болот.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://gorod.kaktus.media/1369