Садыр Жапаров Ысык-Көлдө казинолорду ачуу мыйзам долбоорун колдоду
RU

Садыр Жапаров Ысык-Көлдө казинолорду ачуу мыйзам долбоорун колдоду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 21-апрелде, Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Жогорку Кеңеш тарабынан "Ысык-Көл облусунун аймагындагы туристтик-оюн-зоок комплексин камтыган адистештирилген административдик район жөнүндө" мыйзам долбоорунун биринчи окууда кабыл алынгандыгына байланыштуу билдирүү жасады.

"Кумарканалар Кыргызстан жарандары үчүн ачылбайт, чет элдиктер жана туристтер үчүн гана ачылат. Мыйзамда кыргызстандыктардын кумарканага кирүүсүнө жана кумар оюндарын ойноосуна тыюу салынары жазылып турат. Депутаттар туура эле колдоп жатышат. Туристтердин акчасы Кыргызстанда калса жаманбы? Мындай тажрыйба көптөгөн өлкөлөрдө, анын ичинде коңшу өлкөлөрдө кеңири тараган. Айрым алысты көрө албаган популист депутаттар бул мыйзам долбоорун колдогон депутаттарга каршы "кара пиар" жасап жатышат", - деп айтылат Мамлекет башчысынын билдирүүсүндө.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://gorod.kaktus.media/1370