Ала-Букада жайыт комитетинин башчысы коңшу өлукөнүн жаранынан пара талап кылганга шектелди
2755
Ала-Бука райондук "Жайыт комитетинин" төрагасы пара талап кылган деген шек менен кармалды. Бул туурасында УКМКдан кабарлашты.
Белгилүү болгондой, УКМКга Өзбекстандын жараны кайрылган. Ал 9 баш бодо малды мыйзамсыз кармап, ээлерине кайтарып берүү үчүн 2000 доллар акча талап кылып жаткан Ала-Бука районунун Көк-Таш а/а "Жайыт комитетинин" төрагасы К.у.Кга карата чара көрүүнү суранган.
Бул фактынын негизинде 208-беренесинин 2-бөлүгүнүн 4-пункту (Опузалап талап кылуу) менен кылмыш иши козголгон.
slide 2 of 3
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:
+996 (700) 62 07 60.
url:
https://gorod.kaktus.media/14346