Бириккен Араб Эмираттарынан Кыргызстанга 150 блогер келди
RU

Бириккен Араб Эмираттарынан Кыргызстанга 150 блогер келди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргызстандын туристтик дараметин жогорулатуу жана жайылтуу максатында өлкөгө эмираттардан 150 блогер келди. Бул туурасында Туризм департаментинен маалымдашат.

Белгилендей, аталган департамент туризмди өнүктүрүү жана жайылтуу максатында "Get lost to Bishkek, Kyrgyzstan" аталышында масштабдуу маалыматтык кампания баштады.

Анын алкагында бүгүн, 22-сентябрда Бириккен Араб Эмираттарынан 150 адамдан турган делегация Бишкекке келди, анын ичинде:

  • атактуу 30 блогер/инфлюэнсерлер;
  • 5 ЖМКнын өкүлдөрү;
  • БАЭнин туризм секторунун, туристтик бизнес-чөйрөнүн жана авиациянын негизги кызыктар тараптарынан 5 катышуучу;
  • социалдык тармактарды активдүү колдонуу аркылуу тиешелүү Wizz Air Abu Dhabi сынагынын жеңүүчүлөрү болуп тандалып алынган 50 катышуучу;
  • атактуу саякатчылар.

Маалыматтык кампания тууралуу БАЭде социалдык тармактарда кеңири чагылдырылып, Кыргызстанда саякаттоо боюнча билдирүүлөр, видеолор, кийимдер боюнча сынактар, аба ырайы жана тамак-аш боюнча темадагы посттор жарыяланат.

"Бул кампаниянын негизги концепциясы БАЭ жана Перс булуңунун аймагында Кыргызстанды туристтик өлкө катары блогерлер жана саякатчылар аркылуу маалымдоо болуп саналат", - деп айтылат маалыматта.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://gorod.kaktus.media/14516