Кадыр Досоновдун кылмыштуу тобунун активдүү мүчөсү кармалды
1881
УКМКнын кызматкерлери кримтөбөл Кадыр Досоновдун уюшкан кылмыштуу тобунун активдүү мүчөсүн кармашты. Бул туурасында коопсуздук комитеттин маалыматында айтылат.
Белгиленгендей, буга чейин 283-берененин 1-бөлүгү (Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун мыйзамсыз даярдоо, сатуу) боюнча кылмыш иши козголгон. Анын жүрүшүндө Кадыр Досоновдун уюшкан кылмыштуу тобунун активдүү мүчөлөрү - Ош облусунун Ноокат районунун тургундары 1980-жылы туулган М.Г.К. жана анын жакын адамы 1973-жылы туулган Т.Т.О. кармалды.
М.Г.К.га тиешелүү Toyota Land Cruiser Prado унааны тинтүү учурунда уруксаты жок ок атуучу куралдар, баңги заттары, ошондой эле "ТОЗ-8" маркасындагы 50 даана 5,6 мм патрондору менен чакан калибрлүү мылтык, 16 мм калибрдеги 10 патрон жана "Сталь" мергенчилик бычагы табылды.Азыркы учурда М.Г.К. Баткен РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилип, ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:
+996 (700) 62 07 60.
url:
https://gorod.kaktus.media/14539