"Оскар 2024" сыйлыгынын ээлери аныкталды
8891
Лос-Анжелесте 10-марттан 11-мартка караган түнү Оскар киносыйлыгын тапшыруу аземи болуп, анда 2023-жылдын мыктылары тандалды.
Британиялык режиссёр Кристофер Ноландын "Оппенгеймер" тасмасы наамдар боюнча лидер болот деп болжолдонгон. Ырасында эле "Оппенгеймер" "Мыкты тасма", "Мыкты режиссёр" жана "Мыкты эркектин ролу" сыяктуу 8 сыйлыкка ээ болду.
Оскар ээлери:
- Эң мыкты тасма – "Оппенгеймер";
- Эң мыкты анимациялык тасма – "Мальчик и птица";
- Мыкты режиссёр: Кристофер Нолан ("Оппенгеймер");
- Мыкты актёр – Киллиан Мерфи ("Оппенгеймер");
- Эң мыкты актриса – Эмма Стоун ("Бедные-несчастные");
- Экинчи пландагы эң мыкты актриса – Давайн Жой Рэндольф ("Оставленные");
- Экинчи пландагы эң мыкты актёр – Роберт Дауни ("Оппенгеймер");
- Мыкты оригиналдуу сценарий: "Анатомия падения" (Артур Арари, Жастин Три);
- Эң мыкты адаптацияланган сценарий: "Американское чтиво" (Корд Джефферсон);
- Эң мыкты оператордук иш: Хойте ван Хойтема ("Оппенгеймер");
- Мыкты визуалдык эффекттер – "Годзилла: Минус Один";
- Эң мыкты үн – "Зона интересов";
- Мыкты оригиналдуу саундтрек – Людвиг Йоранссон ("Оппенгеймер");
- Эң мыкты ыр – "What was I made for?" Билли Айлиш ("Барби");
- Эң мыкты монтаж – "Оппенгеймер";
- Эң мыкты макияж жана чач жасалгасы – "Бедные-несчастные";
- Эң мыкты костюмдар – "Бедные-несчастные";
- Продюсердин эң мыкты чыгармасы – "Бедные-несчастные";
- Чет тилдеги мыкты тасма – "Зона интересов" (Улуу Британия);
- Эң мыкты даректүү тасма –"20 дней в Мариуполе";
- Эң мыкты кыска метраждуу фантастикалык фильм – "Удивительная история Генри Шугара";
- Эң мыкты кыска метраждуу анимациялык фильм – "Война закончена! Вдохновлено музыкой Джона и Йока";
- Эң мыкты кыска метраждуу даректүү тасма: "Последняя ремонтная мастерская".
Бул ирет дагы "Күйөрмандардын версиясы боюнча эң популярдуу тасма" жана "Күйөрмандардын версиясы боюнча блокбастердеги мыкты сахна" номинациялары болгон жок. Бул наамдын жеңүүчүлөрүн 2022-жылы көрүүчүлөр тандаган.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:
+996 (700) 62 07 60.
url:
https://gorod.kaktus.media/15697