Садыр Жапаров банктар экономикалык туруксуздукка карабастан стабилдүү иштеди, деп мактады
RU

Садыр Жапаров банктар экономикалык туруксуздукка карабастан стабилдүү иштеди, деп мактады

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 10-майда, банк кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады. Бул тууралуу президенттик аппараттын маалымат бөлүмү билдирди.

Өзүнүн кутуктоосунда президент Банк сектору приоритеттүү тармактардагы долбоорлорду ишке ашыруу үчүн банктык кызматтарды көрсөтүү, финансылык ресурстарды үлөштүрүү аркылуу өлкөнүн экономикалык өнүгүүсүндө маанилүү ролду ойногонун белгиледи.

Кыргызстандын банк системасы коронавирус пандемиясы менен байланышкан глобалдык экономикалык туруксуздукка карабастан стабилдүү иштеди. Банк секторунун туруктуу көрсөткүчтөрү айтылгандарга далил.

Финансылык стабилдүүлүк жана банк системасынын коопсуздугу банк кызматкерлеринин өз ишине берилип иштегендиги менен жетишилген.

Экономикалык активдүүлүктү тез арада калыбына келтирүү максатында жеңилдетилген каржылоо, жарандарга жана ишкерлерге финансылык кызмат көрсөтүүлөрдү алуунун жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү аркылуу экономиканын реалдуу секторун колдоо боюнча ишти активдештирүү зарыл.

Сиздердин тажрыйбаңыздар жана билимиңиздер өлкөнүн банк системасынын мындан ары өнүгүшүнө жардам берет деп ишенем.

Сиздерге ден соолук, үй-бүлөлүк бакубатчылык жана ишиңиздерде ийгилик каалайм!", - деп билдирүүдө жазылган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://gorod.kaktus.media/1572