Дагы эки кыргызстандык спортчу Олимпиадага жолдомо алды
RU

Дагы эки кыргызстандык спортчу Олимпиадага жолдомо алды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

13 жолдомо. Кыргызстандык эки спортчу Олимпиадага жолдомо утушту.

12-майда жеңил атлетика боюнча дүйнөлүк уюм Парижде өтчү марафондун катышуучуларынын акыркы тизмесин чыгарды. Ага ылайык, кыргызстанык эки жөө күлүк: Илья Тапкин жана Сардана Трофимова Олимпиадага жолдомо алышты.

Учурда Кыргызстандын спортчуларында жалпы 13 Олимпиадага жолдомо бар. Анын 10ун балбандар жеңсе, бирин суучул жана экини жөө күлүктөр алып келишти.

Бул сандар дагы өзгөрүшү мүмкүн.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://gorod.kaktus.media/16139