Президент селден жабыркагандарга жардам берилерин айтты
RU

Президент селден жабыркагандарга жардам берилерин айтты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Президент Садыр Жапаров Ош облусундагы селден каза болгон жарандардын жакындарына көңүл айтты. Ошондой эле селден жабыркагандарга мамлекет тараптап жардам көрсөтүлөрүн "Кабар" маалымат агенттигине берген маегинде айтты.

"Селден жабыркаган, селдин кесепетинен каза болгон жарандарыбыздын жакындарына көңүл айтып коёюн. Кайрат кылыңыздар. Өтүп кеткендерди Кудай өз мээримине алсын деп тилейли. Куран окуп туралы. Башка арга жок", - деди президент.

Садыр Жапаров табияттын кырсыгынан эч ким качып кутула албай турганын айтып, селдин алдын алууга карата жүргүзүлүп жаткан иштерге токтолду.

"Биз селдин алдын алчу айрым жерлерде курулуш иштерин баштадык. Бир топ жерлерде иштер жүрүп жатат. Мындай иштер мындан ары да уланып кете берет. Өзүңүздөр билесиздер, мурда курулуш иштерин жүргүзчү техникалардын баары тээ 90-жылдардагы эскилиги жеткен техникалар болчу. Өзгөчө кырдаал министрлигинин кызматкерлери техникаларды минбей эле, техникалар өзгөчө кырдаалдардын кызматкерлерин минип калган. Курулуш иштери, алдын алуу иштери дээрлик жүрбөй калган.

Билесиздер, акыркы үч жыл ичинде техникаларын толук жаңыртып бүттүк. Былтыртан бери эле алгылыктуу иштер башталды. Эми бүткүл республика боюнча бир эле жылда бардык аймактарда селдин алдын алчу жерлерди бүтүрүп салыш кыйын да. Кудай буюрса, жыл сайын курулуш иштерин жүргүзүп олтуруп, келечекте бүтүрөбүз. Мындай алдын алуу иштери тынымсыз уланат.

Ал эми селден жабыркагандарга келе турган болсок, албетте, мамлекет тараптан жардам көрсөтүлөт. "Барып комиссия түзүп, жеринен көрүп текшерип чыккыла, жабыркагандарга мамлекет тараптан кандай жардамдарды беришибиз керек экен, сунуш киргизгиле" деп Акылбек Үсөнбековичти жибергем.

Эми эл-журт дагы турак жайларын камсыздандырып, каттап койгонду үйрөнүш керек. Камсыздандырылган үй болсо селденби, жер титирөөдөнбү, өрттөн же табияттын башка кырсыгынан жабыркап калса, мамлекеттик камсыздандыруу компаниясы тез арада толук ордуна тургузуп берет эле.

Ошондуктан учурдан пайдаланып бардык жарандардан мамлекеттик камсыздардыруу компаниясына мүлктөрүңөрдү каттаткыла дейт элем.

Көп деле акча болбойт. Кокус кырсык болсо камсыздандыруу компаниясы мүлкүңөрдүн ордун толук толтуруп берет. Ал – мамлекеттик компания. Мамлекеттин көзөмөлүндө болот", - деп кайрылды элге.

Белгилесек, 14-июлда сел суулары 5 адамды агызып, ошол эле күнү кечинде 6 жаштагы кыздын сөөгү табылган. Кырсыктан 9 адам жабыркап облустук ооруканага кайрылышкан.

15-июлда Ош шаарынын Катта-Терек участкасына жакын жерден ӨКМ куткаруучулары тарабынан 44 жаштагы аялдын сөөгү табылган. Кийинчерек, Өзбекстандан 19 жана 10 жаштагы кыздардын жансыз денеси табылган. 16-июлда өзбек куткаруучулары тарабынан бешинчи адамдын сөөгү аныкталган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://gorod.kaktus.media/16673