Садыр Жапаровдун Францияга болгон иш сапары аяктады
RU

Садыр Жапаровдун Францияга болгон иш сапары аяктады

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Президент Садыр Жапаровдун 25-27-июль күндөрү Францияга болгон иш сапары аяктады.

Сапардын биринчи күнүндө мамлекет башчы "Туруктуу өнүгүү үчүн спорт. Тезирээк, бийигирээк, күчтүүрөөк - жакшы келечек үчүн бирге" аталышындагы саммиттин ишине катышкан.

Экинчи күнү Садыр Жапаров Кыргызстандын Франциядагы элчилигинин жаңы имаратына барган.

Андан соң Садыр Жапаров Париждеги XXXIII Жайкы Олимпиада оюндарынын расмий ачылыш аземине катышты. Мамлекет башчыны жана биринчи айым Айгүл Жапарованы Елисей сарайында Франциянын Президенти Эмманюэль Макрон менен биринчи айым Брижит Макрон тосуп алды.

Францияга болгон иш сапары 27-июлда аяктап, Садыр Жапаров Бишкек шаарына кайтып келди.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://gorod.kaktus.media/16798