Изилдөө: Кыргызстанда балдарды эмдөө кескин төмөндөгөн
RU

Изилдөө: Кыргызстанда балдарды эмдөө кескин төмөндөгөн

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Өлкөдө 5 жашка чейинки балдар арасындагы өлүмдүн саны кыскарды. Бул туурасында 2023-жылга карата Көптөгөн көрсөткүчтөр боюнча кластердик изилдөөнүн (КККИ) жыйынтыктары сунушталган тегерек столдо маалымдалды.

Белгилей кетсек, изилдөө Улуттук статистика комитети тарабынан ЮНИСЕФтин, БУУнун Калк фондусунун (ЮНФПА), АКШнын Эл аралык өнүктүрүү агенттигинин (USAID) жана Швейцария өкмөтүнүн техникалык жана каржылык колдоосу менен жүргүзүлгөн. Анда Кыргызстан боюнча 7,2 миң кожолукта саламаттыкты сактоо, билим берүү жана аялдарды, балдарды социалдык жактан коргоого байланыштуу 185 көрсөткүч боюнча сурамжылоо болгон.

Изилдөө 5 жашка чейинки балдар арасындагы өлүмдүн төмөндөгөнүн көрсөткөн. Тагыраагы, 1000 балага 16 өлүм туура келет. Ал эми 15-19 жаштагы кыздар арасындагы төрөө коэффициенти 1000 аялга 32ни түзөт (бул курактык топто), бул 2014-жылдагы болжолдуу көрсөткүчтүн жарымы.

Ошондой эле балдарды эмдөө деңгээли да изилденип, тилекке каршы, иммунизация салыштырмалуу төмөн бойдон экенин көрсөткөн. Алсак, 2-3 жаштагы 5 наристенин төртөө гана балдар ооруларына каршы алдын ала эмдөөдөн өткөн. Ал эми зарыл болгон бардык эмдөөлөрдү алган 1-2 жаштагы бөбөктөрдүн үлүшү кескин төмөндөп, 40,7 пайызды түзгөн (2018-жылы 76,7 пайызды түзгөн).

Кыргызстан буга чейин класстердик изилдөөлөрдү 1995, 2006, 2014 жана 2018-жылдары жүргүзгөн.

Башкы беттеги сүрөт иллюстрациялык: zdorovieinfo.ru.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://gorod.kaktus.media/16813