Олимпиада-2024. Денис Петрашов жарым финалга чыкты
RU

Олимпиада-2024. Денис Петрашов жарым финалга чыкты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 30-июлда Париждеги Олимп оюндарынын алкагында 200 метр аралыкка брасс стилинде сууда сүзүү боюнча Кыргызстандык спортчу Денис Петрашов жарым финалга чыкты.

Петрашов 25 спортчунун ичинен 2 мүнөт 10,99 секунд жыйынтык көрсөтүп, 16-орунду ээледи.

Жарым финалдык беттештер 31-июль күнү Бишкек убактысы боюнча саат 01:59дө өтөт.

Эске салсак, буга чейин ата мекендик спортчу брасс стилинде 100 метр аралыкка сууда сүзүү боюнча беттешке катышкан болчу.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://gorod.kaktus.media/16818