Августтан тарта Бишкек-Балыкчы поездинде VIP вагону ишке киргизилет
RU

Августтан тарта Бишкек-Балыкчы поездинде VIP вагону ишке киргизилет

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкек-Балыкчы-Бишкек поездинин курамына VIP-купе вагону киргизилет. Бул тууралуу "Кыргыз темир жолу" ишканасы кабарлады.

Маалымдалгандай, 1-августтан баштап поезддин курамына VIP-купе категориясындагы дагы бир жогорку комфорттогу вагон киргизилет. Вагондун ичинде 6 купе бар, алардын ар биринде жумшак дивандар, кенен стол, панорамалык терезелер, электрондук түзүлүштөрдү кубаттоо үчүн USB жана Type-C туташтыргычтар, аудио-стерео система, ар бир купеде абаны муздатуу системасы каралган. Ички жасалгасы улуттук стилде кооздолгон.

Бул вагон бир нече адамдардын тобунан турган жүргүнчүлөрдүн өзүнчө купеде жүрүүсүнө ылайыкталган. Кошумча акыга буфет кызматтары көрсөтүлөт.

Билеттерди ticket.railway.kg сайтынан жана анын Android жана iOS мобилдик тиркемелеринен, ошондой эле Эркиндик бульвары 1А дарегинде жайгашкан Бишкек-2 бекетинин кассаларынан сатып алса болот.

Эске салсак, 2023-жылдан тарта Бишкек-Балыкчы багыты боюнча жалпы класстагы VIP вагону менен поезд жүрө башатаган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://gorod.kaktus.media/16825