Бишкектеги барлардын биринде эс алуучулар мушташа кетти. Видео
RU

Бишкектеги барлардын биринде эс алуучулар мушташа кетти. Видео

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкектеги Munchen Pub барында кардарлардын ортосунда мушташ чыкты. Бул маалыматты Kaktus.media сайтына Биринчи Май райондук ички иштер бөлүмүнөн тастыкташты.

Ведомствонун маалыматы боюнча, 1-августка караган түнү саат 02:37де Бишкек ШИИББдин 102 кызматына Абдрахманов/Токтогул көчөлөрүнүн кесилишиндеги "Мото" соода борборунда мушташ чыкканы кабарланган.

"Окуя болгон жерге Биринчи Май РИИБдин тергөө ыкчам тобу барышкан. Мушташтын айрым катышуучулары тергөө кызматына жеткирилип, алар суракка алынып, тергөөгө келип туруу милдети менен бошотулду", - дешти милициядан.

Учурда тергөөгө чейинки иликтөө иштеринин алкагында мушташтын калган катышуучуларын аныктоо боюнча зарыл чаралар көрүлүүдө. Тергөөнүн жыйынтыгы менен окуянын бардык катышуучуларына юридикалык баа берилет.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://gorod.kaktus.media/16834