Сүйүнчү! Жоламан Шаршенбеков менен Мээрим Жуманазарова жарым финалга чыкты
RU

Сүйүнчү! Жоламан Шаршенбеков менен Мээрим Жуманазарова жарым финалга чыкты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргызстандык балбан Жоламан Шаршенбеков менен балбан кыз Мээрим Жуманазарова Парижде өтүп жаткан Олимп оюндарында өз салмактары боюнча экинчи беттештерин утуп, жарым финалга жолдомо алышты.

Жоламан Шаршенбеков экинчи атаандашы румын балбаны Рэзван Арнэут менен беттешип, мөөнөтүнөн мурда 9:0 эсебинде жеңишке жетти.

Эске салсак, ал алгач казакстандык спортчуну жеңген болчу.

Ал эми Мээрим Жуманазарова япониялык күчтүү балбан кыз Нонока Озакини беттештин бүтөөрүнө 2 мүнөт калганда жеңип, жарым финалга бет алды.

Ал буга чейин монголиялык балбан кызды ишенимдүү жеңген эле.

Эске салсак, бүгүн, кыргызстандык эки балбан килем үстүнө чыккан болчу.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://gorod.kaktus.media/16874