Көлдө ӨКМнын тик учагы пляждын үстүнөн учуп, эс алуучуларды кабатыр кылды
RU

Көлдө ӨКМнын тик учагы пляждын үстүнөн учуп, эс алуучуларды кабатыр кылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин тик учагы Булан-Соготту айылындагы пансионаттын пляжын айланып учкан. Бул тууралуу Kaktus.media сайтына эс алуучулар билдиришти.

Алардын айтымында, бүгүн, 12-августта саат 12:40 чамасында тик учак пляждын үстүндө өтө төмөн учуп, эки айлампа жасаган.

"Бул эс алуучуларды, анын ичинде балдарды аябай коркутту. Мындай төмөн учуу коопсуздук эрежелерин бузууга киреби?", - дешет күбөлөр.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен редакцияга бул боюнча комменатрий берип, "мындай жапыз учуу ​​кадыресе көрүнүш, ага көнүү керек" дешти. Министрлик бул рейс коммерциялык же жумушчу экенин тактаган жок.

Белгилесек, 11-августта жааган жамгырдан улам Чолпон-Ата шаарында жана Бактуу-Долоноту айылында сел жүрдү. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери учурда кырсыктын кесепеттерин жоюуда.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://gorod.kaktus.media/16961