Айрым абоненттер үчүн светтин тарифин жогорулатуу сунушталды
RU

Айрым абоненттер үчүн светтин тарифин жогорулатуу сунушталды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргызстанда айрым абоненттер үчүн электр энергиясына тарифтерди көтөрүү пландалууда. Энергетика министрлиги тиешелүү токтомдун долбоорун коомдук талкууга койду.

Токтом долбооруна ылайык, электр энергиясы тартыш убакта абоненттерди свет менен үзгүлтүксүз, ишенимдүү камсыздоо, ошондой эле электр энергиясы менен камсыздоочу уюмдардын чыгымдарынын ордун толтурууну камсыз кылуу максатында, башка керектөөчүлөргө (тиричилик эмес керектөөчүлөр) тарифти 1 кВт/саат үчүн 3,767 сом өлчөмүндө (салыктарды эсепке албаганда) бекитүү сунушталат.

Эскерте кетсек, учурда тиричилик эмес керектөөчүлөр үчүн тариф 1 кВт/саат үчүн 3,18 сомду түзөт (салыктарды кошпогондо).

2023-жылга карата республика боюнча 89767 тиричилик эмес абоненттер бар.

Башкы беттеги сүрөт иллюстрациялык.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://gorod.kaktus.media/16999