Кыргызстан бензинди кымбатыраак сатып ала баштады
RU

Кыргызстан бензинди кымбатыраак сатып ала баштады

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Үстүбүздөгү жылдын январь-июнь айларында Кыргызстанга 141,7 миллион долларга 301,8 миллион литр бензин импорттолгон.

Кыргызстан өткөн жылдын январь-июнь айларына салыштырмалуу физикалык түрдө бензин импортун 15,4 миллион литрге кыскартты.

Физикалык мааниде бензин берүүнүн кыскарышына карабастан, күйүүчү-майлоочу майлардын импорту 26,3 млн. долларга кымбаттаган.

Кыргызстан күйүүчү-майлоочу майдын басымдуу бөлүгүн Россиядан импорттогон – 300,1 миллион литр. Ал эми дагы 1 миллион 600 миң литр бензин Беларустан ташылып келген.

Өткөн жылы Кыргызстанга 277,3 миллион долларга 630,1 миллион литр күйүүчү-майлоочу май импорттолгон.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://gorod.kaktus.media/17035