Депутаттар мыйзамдарды кабыл алып бергени үчүн Жапаров Нурланбек Шакиевге рахмат айтты
RU

Депутаттар мыйзамдарды кабыл алып бергени үчүн Жапаров Нурланбек Шакиевге рахмат айтты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 31-августта, Эгемендүүлүктүн 33 жылдыгын жана Кара Кыргыз Автономдуу облусунун 100 жылдыгына карата "Ала-Тоо" аянтында желекти көтөрүү аземи өттү. Анда Садыр Жапаров элди майрамы менен куттуктап, Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиевге депутаттар кечиктирбестен бийликтин мыйзамдарын кабыл алып берип жатканы үчүн ыраазычылык билдирди.

Президент бүгүнкү күндө жаңы Кыргызстанды куруу жолуна түштүк деп ишенимдүү айтып аларын белгиледи.

"Ушул жерден Нурланбек Шакиев баштаган парламентке, 7-чакырылыштын депутаттарына ыраазычылык билдирип кетейин. Биздин орчундуу чечимдерибизди, ири долбоорлорубузду, реформаларды, мыйзам долбоорлорду кечиктирбестен, куру кыйкырык кылбастан, колдоп келатасыздар. Жыйынтыгында экономикабыздагы, ички жана тышкы саясатыбыздагы иштер тездик менен жылып, ийгиликтерди жаратып жатат", - дейт ал.

Президент "Кумтөр" кени мамлекетке өтүп, тарыхый адилеттүүлүк орногонун баса белгиледи.

"Эемендик үчүн эң чоң коркунуч келтирген коррупция менен аёосуз күрөштөн соң, эң эле жөнөкөй маселе эмгек акыларын көтөрүү аркылуу келечек муунду тарбиялоого жооптуу мугалимдерибиз менен улут саламаттыгына кам көргөн дарыгерлерибиздин аброюн арттырдык. Мектеп, оорукана сыяктуу социалдык курулуштар четинен кулачын жая баштады. Ошону менен катар, армиянын күжүрмөндүүлүгүн тиешелүү деңгээлге көтөрө алдык. Натыйжада Кыргызстан туруктуу өнүгүү жолуна түшкөн мамлекетке айланып, эл аралык айдыңда атаандаштыкка туруштук берүүдө өз ордун таба алды.

Ошентсе да алдыбызда дагы көптөгөн милдеттер турат. Соңку эки жылдан бери ири долбоорлорду беттеп, чоң-чоң иштерибиз акырындап башталууда.

Биз бүгүн эгемен мамлекет катары башка өнүккөн мамлекеттер менен тең укукта, өз ара пайдалуу мамиле кыла турган абалга жетип олтурабыз", - деп кошумчалады президент.

Садыр Жапаров сөз эркиндигинин, адам укугу менен эркиндиктеринин корголушу, мамлекеттин бүтүндүгү жана биз сөз кылып жаткан экономикалык өз алдынчалуулук келип-келип эле Эгемендиктин өзөгүн түзөт деп кыргызстандыктарга, элге, жерге тынчтык каалады.

"Мунун баары – Кыргызстандын ырыс-куту, кел-кел ооматы, бар байлыгы жана ыйык дөөлөтү, десек болот! Мына ошондуктан биз ушу тапта өнүгүүгө чын ыкласы менен сапар алган жаңы Кыргызстанды куруу жолундабыз деп ишенимдүү айта алабыз.

Эркин мамлекетте, эгемен өлкөдө жашоо – бул бактынын бактысы! Биз көп этностордон ширелген, ынтымагы бекем, нарк-насилди ыйык сактаган, достукту туу туткан кыргыз жарандарынын күч-аракетинин, сабырдуулугу менен даанышмандыгынын аркасында чоң жетишкендиктерди бирге жасай аларыбызга көзүм жетип, ишенип турам. Кыргызстанды ар тараптан өнүккөн, күчтүү өлкөгө айландырып, келечек муунга калтырып кетүү максатыбызга сөзсүз жетебиз.

Өлкөбүз тынч, элибиз аман болсун!Арабызда биримдик менен ынтымак орносун! Кыргызстандын кызыл туусу түбөлүк желбирей берсин! Жараткан бизге жар болуп, эгемендигибиз кут болсун!", - деп сөзүн жыйынтыктады мамлекет башчы.

Бишкектин "Ала-Тоо" аянтындагы мамлекеттик туу жайгашкан жер реконструкция болуп, флагштоктун узундугу Кара-Кыргыз автоном облусунун түзүлгөнүнүн 100 жылдыгына байланыштуу 100 метрге узартылды. Мурда анын узундугу 45 метр болчу.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://gorod.kaktus.media/17136