Мурдагы өкмөт үйүнүн имараты эки министрликке өткөрүлдү
RU

Мурдагы өкмөт үйүнүн имараты эки министрликке өткөрүлдү

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Мурдагы өкмөт үйүнүн имараты 2 министрликке өткөрүлдү. Эми президенттин администрациясынын мурдагы имаратына Тышкы иштер министрлиги менен Экономика министрлиги жайгашат. Бул тууралуу Министрлер кабинетинен билдиришти.

Акылбек Жапаров Тышкы иштер министрлигинин башчысы Жээнбек Кулубаев менен Экономика министрлигинин башчысы Данияр Амангелдиевге иш кабинеттерин тапшырды.

Министрлер кабинетинин башчысы министрликтердин жаңы жайгашуусу алардын ишинин натыйжалуулугун жогорулатууга жана кызматкерлердин ортосундагы ыңгайлуу өз ара аракеттенүүнү камсыз кылууга жардам берерине ишеним билдирди.

Акылбек Жапаров ведомстволордун алдында турган милдеттердин маанилүүлүгүн белгилеп, аларга жаңы шарттарда ийгиликтүү жана жемиштүү иштөөнү каалап, "мени уят кылбай иштегиле" деди.

Белгилесек, 30-августта Бишкектин түштүк тарабында президенттик администрациянын "Ынтымак Ордо" жаңы имаратынын ачылышы болгон.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://gorod.kaktus.media/17165