Атамбаев менен Бакиев дагы экс статусун кайтарууга аракет кылышсачы? Президенттин пикири
RU

Атамбаев менен Бакиев дагы экс статусун кайтарууга аракет кылышсачы? Президенттин пикири

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Аскар Акаев 5-сентябрда экс-президент макамын калыбына келтирүү үчүн Жогорку Кеңешке кайрылганы маалым болду. Мунун айланасында түрдүү талкуулар жаралып, "Курманбек Бакиев менен Алмазбек Атамбаев да экс-президент макамыбызды калыбына келтиргиле" деп чыкпайбы деген суроолор жаралды. Садыр Жапаров бул маселе боюнча пикирин "Кабар" агенттигине билдирди.

Айтымында, Бакиев менен Атамбаев экөөнүн жагдайы Акаевдикинен айырмаланып турат.

"Акаев качканда адам өлүмү менен коштолгон эмес, кылмыш иши козголгон эмес, издөө жарыяланган эмес. Албетте, Аскар Акаевдин башкаруу мезгилинде чоң кемчиликтер кеткен. Катачылыктар болгон. Ошону менен биргеликте эле жаңы эгемендик алган мезгилдерде жетишкендиктери да болгон. Аны да айтып коюшубуз керек.

Ал эми Бакиев менен Атамбаевдин иштеринде адамдардын өлүмү менен коштолгон жагдайлар болуп кетти. Ошондуктан аларга парламент экс макамын берсе туура эмес болуп калат го деп ойлойм. Албетте бул менин жеке пикирим. Алардын кылмыш иштери да бар да", - дейт өлкө башчы.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://gorod.kaktus.media/17215