Кыргызстанда малды экспорттоо убактылуу токтотулду
RU

Кыргызстанда малды экспорттоо убактылуу токтотулду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргызстан ири жана майда малдарды экспорттоону убактылуу токтотту. Бул туурасында Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен кабарлашты.

Мекемеден билдиришкендей, мындай чектөө Ветеринардык кызмат тарабынан айыл чарба жаныбарларын идентификациялоого инвентаризация жүргүзүүгө байланыштуу киргизилип жатат.

"Экспортту токтото туруу өлкөдөгү малдын так эсебин камсыз кылууга, ошондой эле ветеринардык жана санитардык нормалардын сакталышына контролду жогорулатууга багытталган. Бул биздин ички республикалык жана эл аралык өнөктөштөрүбүзгө көрсөтүлүп жаткан кызматтардын сапатын жакшыртууга мүмкүндүк берет", - деп айтылат маалыматта.

Инвентаризация 15-20 күнгө созулат, андан кийин экспортко уруксат берүү процесси улантылат. Ушул мезгилде берилген бардык арыздар инвентардык иш-чаралар аяктагандан кийин дароо артыкчылыктуу тартипте каралат.

Башкы беттеги сүрөт иллюстрациялык.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://gorod.kaktus.media/17216