Канададан сатып алган учактын биринчиси "Манас" аэропортуна конду
RU

Канададан сатып алган учактын биринчиси "Манас" аэропортуна конду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргызстан сатып алган Bombardier Dash 8 Q400 учагы бүгүн, 6-сентябрда "Манас" эл аралык аэропортуна конду. Жаңы учак "Асман аба жолдору" авиакомпаниясы үчүн алынган.

Учакты суу аркасы менен тосуп алышты.

Bombardier учагы 80 жүргүнчүнү батыра алат. Ал Талас, Нарын, Каракол жана башка шаарларга учат. Бийлик билеттер жеке авиакомпаниялар сунуштаган баадан арзан болорун тагыраагы, билеттин баасы 2100 сомдон 3300 сомго чейин болорун убада кылууда.

Президенттин администрациясынын маалымат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков жарандарды тейлеген учактын экинчиси жакын арада келерин, үчүнчүсү 2025-жылдын жаз айында кызмат көрсөтөрүн билдирди.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://gorod.kaktus.media/17217