Ошто мурдагы аялын сабаган кишинин видеосу тарады. Милициянын маалыматы
RU

Ошто мурдагы аялын сабаган кишинин видеосу тарады. Милициянын маалыматы

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ошто эркек киши мурдагы аялын иштеген жеринен сабап салган. Окуянын видеосу Instagramдагы баракчалардын бирине жарыяланды.

Ош шаардык ички иштер башкармалыгы видео боюнча редакцияга төмөнкүдөй маалымат берди.

Такталгандай, 3-сентябрда 36 жаштагы жаран ашпозчу болуп иштеген мурдагы жубайынын иштеген жерине барып, сабап салган.

"32 жаштагы аял төрт баласынын документтерин берүүдөн баш тартканда күйөөсү кол көтөргөн. Аялдын ур-токмокко алынганын көргөн куруучулар арачага түшүп, кол көтөргөн кишини сабап салышкан. Учурда экөө тең ооруканада, эртең соттук-медициналык экспертизадан өтүшөт. Жабырлануучу мурдагы күйөөсүнө карата арыз жазса, күйөөсү арачага түшкөндөрдүн үстүнөн арыз жазды", - дешет милициядан.

Башкармалыктан кошумчалашкандай, жубайлар 4 жыл мурда расмий ажырашкан. Учурда укук коргоо органдары тарабынан сабалган аялга коргоо ордери берилди.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://gorod.kaktus.media/17220