КВНдин алып баруучусу Александр Масляков кайтыш болду
RU

КВНдин алып баруучусу Александр Масляков кайтыш болду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

КВН долбоорунун туруктуу алып баруучусу жана башчысы, Россиянын Эл артисти Александр Масляков каза болду. Маалыматтарга караганда, ал 8-сентябрда 82 жашында кайтыш болду.

Алып баруучунун өлүмүнүн себеби айтыла элек, бирок анын ден соолугу 2022-жылы коронавирусту кайра жуктуруп алгандан кийин байкалаарлык начарлап кеткени жана акыркы убакта өпкөсүндө көйгөй бар экени белгилүү болгон.

Александр Масляков 1941-жылы 24-ноябрда Свердловск шаарында туулган.

1964-жылдан бери КВНдин ("Шайырлар жана тапкычтар клубу") алып баруучусу болуп келен. Мындан тышкары 1970-1980-жылдары "Салам, биз таланттарды издейбиз", "Келгиле, кыздар", "Келгиле, балдар" жана башка көптөгөн телеберүүлөрдү алып барган. 1971-жылы КВН жабылган, бирок 1986-жылы программа кайра эфирге чыгып, Масляков анын туруктуу алып баруучусу болгон.

2022-жылдын Жогорку Лигасынын сезонунда Масляков эки гана оюн өткөргөн (калганында аны Биринчи каналдын башка алып баруучулары алмаштырышкан), 2024-жылдын жазында ал программанын алып баруучусу кызматынан кеткендигин расмий жарыялаган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://gorod.kaktus.media/17252