Казакстандын президенти кыргыз элине Көчмөндөр оюндары үчүн ыраазычылык билдирди
RU

Казакстандын президенти кыргыз элине Көчмөндөр оюндары үчүн ыраазычылык билдирди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Астанада өтүп жаткан Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземинде Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Көчмөндөр оюндары үчүн кыргыз элине ыраазычылык билдирди. Бул тууралуу президенттин расмий сайты "Акорда" жазды.

Токаевдин айтымында, Көчмөндөр оюндары – бул баа жеткис мурастарды жаш муунга өткөрүп берүү максатында жаралган өзгөчө долбоор.

"10 жыл мурун бул оюндарды биринчи жолу кыргыз бир туугандар уюштурган, бул үчүн аларга терең ыраазычылык билдиребиз. Бул улуттук спорттун түрлөрү боюнча дүйнөдөгү эң чоң мелдештер, көчмөндөрдүн олимпиадасы десек болот. Бул оюндар көчмөндөр цивилизациясын дүйнөлүк деңгээлде жайылтат. Спорт - бул өз ара урматтоонун жана тилектештиктин символу", - деп белгиледи Токаев.", - деди Токаев.

Казак президенти спорттун негизги миссиясы - эл достугун чыңдоо экенин баса белгилеп, көчмөндөр оюндары эл аралык тилектештикти бекемдөөгө жардам берет деген ишеничин айтты.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://gorod.kaktus.media/17253