2026-жылга чейин мамлекеттик кызматкерлердин айлыгын көбөйтүүгө тыюу салынды
RU

2026-жылга чейин мамлекеттик кызматкерлердин айлыгын көбөйтүүгө тыюу салынды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Садыр Жапаров 2026-жылга чейин мамлекеттик, муниципалдык кызматкерлердин эмгек акысын көбөйтүүгө тыюу салды.

Президенттин 2024-2026-жылдарга карата токтому "Эркин-Тоо" гезитине жарыяланган.

Ага ылайык, министрликтердин, мамлекеттик комитеттин, административдик ведомстволордун, президенттин жана Министрлер кабинетинин карамагындагы маморгандардын жана уюмдардын, сот системасынын, атайын статуска ээ мамлекеттик бийлик органдарынын, президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн аппараттарынын, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана өз алдынча башкаруу органдарынын 2026-жылга чейин айлыктары жана штаттык саны көбөйтүлбөйт.

Айрым категориядагы кызматкерлердин маянасы президенттин өзгөчө чечими менен көбөйтүлүшү ыктымал экени кошумчаланган.

Мындай чечим бюджетти натыйжалуу жана сарамжалдуу пайдалануу максатында кабыл алынып жатканы белгиленди.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://gorod.kaktus.media/17259