Өлкөнүн тоолуу аймактарында сел жүрүшү мүмкүн
RU

Өлкөнүн тоолуу аймактарында сел жүрүшү мүмкүн

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Республиканын аймагында 9-10-сентябрь күндөрү аба ырайы туруксуздашып, нөшөрлүү жаан-чачын жаайт. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Чүй, Ысык-Көл, Нарын, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн экенин эскертип, сел коопсуздук эрежелерин сактоого чакырат.

  • арыктарды тазалап, жээгин бекемдеп, таштанды таштабоо;
  • турак үй жайгашкан жерде жаан суулары - агып өтүүгө ылайыкталган арыкты камсыздоо;
  • сел учурунда дароо коопсуз жайга кетүү;
  • мүмкүнчүлүк болсо үйдөгү свет, суу, газды өчүрүп коюу.

Башкы беттеги сүрөт иллюстрациялык.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://gorod.kaktus.media/17260