Ат-Башыда болжолдуу баасы 1 млрд сомдон ашкан мүлк мамлекетке кайтарылды
RU

Ат-Башыда болжолдуу баасы 1 млрд сомдон ашкан мүлк мамлекетке кайтарылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Нарын облусунун Ат-Башы районунда болжолдуу баасы 1 млрд сомдон ашык жер мамлекетке кайтарылды. УКМКдан маалымдашкандай, жердин аянты 161 гектарга жакын.

Белгилүү болгондой, Ат-Башы токой фондусунун аймагында жер тилкесин өз алдынча басып алуу жана имараттарды жана башка курулмаларды мыйзамсыз куруу боюнча кылмыш иши козголуп, андагы курулма, имараттар кошо мамлекетке алынды.

"Жер жана суу көзөмөлдөө кызматы тарабынан белгиленген имараттарды жана курулуштарды курууда жер кыртышынын асыл катмарына зыян келтиргендиги үчүн участканын ээси 1 млн 175 миң сом өлчөмүндө айып пул төлөдү", - дешет комитеттен.

Буга чейин УКМК Ат-Башы районундагы токой чарбасынын "Чар" участогунан 2007-жылы 160,9 га жерди мыйзамсыз алган облустук администрациянын башчысынын мурдагы орун басары - Нарын облусунун губернатору А.И. кармалганы тууралуу маалымат тараткан

.

Ошондой эле анын жанындагы 0,9120 га жер тилкесин да уруксатсыз ээлеп алуу фактылары аныкталып, анда туризм чөйрөсүндө коммерциялык максатта пайдаланылуучу имараттар жана курулмалар (мейманкана, кафе-бар, ашкана, сауна ж.б.) эч кандай уруксат берүүчү документтери жок курулгандыгы такталган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://gorod.kaktus.media/17275