Бишкекте 14-сентябрда шаардык ишембилик өтөт
RU

Бишкекте 14-сентябрда шаардык ишембилик өтөт

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ушул ишембиде, 14-сентябрда борбор калаада жалпы шаардык ишембилик өтөт. Бишкек мэриясы бардык жарандарды көчөлөрдү, короолорду, сейил бактарды тазалоого чакырат.

Муниципалитеттен иш-чара 15-сентябрь Бүткүл дүйнөлүк тазалык күнүнө карата өткөрүлөрүн, ушул күнү дээрлик бардыгы ишембиликке чыгышарын маалымдады.

"Ишембиликте бөлүнгөн жана чектеш аймактардагы ирригациялык тармактарды, чарбакер субъекттердин, үйлөрдүн жанындагы жана жанаша аймактарын, ошондой эле шаардык парктарды жана скверлерди тазалоого өзгөчө көңүл бурулат", - дешти мэриядан

Ал эми жалпы республикалык ишембилик 21-сентябрда өткөрүлөт.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://gorod.kaktus.media/17281