Жапаров, Ташиев стадионго барып, футболдук беттешке күйөрмандык кылышты
RU

Жапаров, Ташиев стадионго барып, футболдук беттешке күйөрмандык кылышты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргызстан менен Өзбекстан курама командаларынын футболдук беттешин көрүп, спортчуларга колдоо көрсөтүү үчүн Садыр Жапаров, министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров жана УКМК башчысы Камчыбек Ташиев Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадионго барышты. Бул тууралуу президенттин маалымат катчысы Аскат Алагөзов билдирип, сүрөттөр менен бөлүштү.

Алагөзов беттешти көрүүгө башка мамлекеттик кызматкерлер да барганын кошумчалады.

Белгилесек, футболдук беттеш 2026-жылкы Дүйнө чемпионатынын үчүнчү тандоо раундунун алкагында өтүп жатат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://gorod.kaktus.media/17285