Көчмөндөр оюндары: Кыргыз балбандары казак күрөшүнөн 4 медаль жеңди
RU

Көчмөндөр оюндары: Кыргыз балбандары казак күрөшүнөн 4 медаль жеңди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Казак күрөшү боюнча улуттук курама команданын мүчөлөрү Астанада өтүп жаткан V Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарында 3 күмүш, 1 коло медаль утту.

Эркектер арасында Кимал Оболбеков (55 кг), Шатман Эсенбек уулу (82 кг) күмүш медалга ээ болушса, Байбол Саламат уулу (66 кг) 3-орунду ээледи.

Кыз-келиндер арасында 48 кг чейинки салмакта Луиза Асакеева күмүш медалга ээ болду.

Буга чейин таяк тартыш боюнча курама команда жалпы 8 медаль жеңген.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://gorod.kaktus.media/17287